Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-августта, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаровду кабыл алды.

Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөө, энергетикалык тармакты реформалоо, алдыдагы кыш мезгилине даярдык боюнча чаралар талкууланды.

«Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж, шаарлардын жана аймактардын тургундары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болушу керек», — деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы экономика тармактарына, ишкерлик субъектилерине үзгүлтүксүз электр энергиясын берүүнүн, кубаттуулуктун резервин камсыздоонун маанисин белгиледи. Коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык ресурстарды биргелешип рационалдуу колдонуу маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө зарылдыгын баса белгиледи.

«Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров энергообъектилердеги штаттан тышкаркы абалдарды болтурбоо чаралары; энергокомпанияларда «акылдуу эсептегичтерди» орнотуу; электроэнергияны сатуу рыногун кеңейтүү; кошумча кубаттуулук резерви жана аймактык өнүктүрүү саясаты тууралуу айтып берди. Мындан тышкары Назаров бул жылы ишке киргизилген объектилер жөнүндө да өлкө башчыга кеңири маалымат берди.

Exit mobile version