Сооронбай Жээнбеков интернетти чектөө тууралуу мыйзамды артка кайтарды

Сооронбай Жээнбеков интернетти чектөө тууралуу мыйзамды артка кайтарды

«Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам керек, бирок аны дагы бышырыш керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июлда, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде.

Мамлекет башчысы бул мыйзам долбоору боюнча парламенттин ичиндеги, сыртындагы жана социалдык тармактардагы талкууларга байкоо жүргүзгөнүн белгиледи.

«Долбоорду жактагандар да, ага каршы чыккандар да бар. Менин позициям — мындай мыйзам биздин өлкөгө керек. Эң биринчи кезекте, азыр баарыбыз айтып жаткан адам укугун, ден соолугун коргоо үчүн зарыл. Биз адамдарды жалган жалаадан, фейк маалыматтан сакташыбыз керек», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы дүйнөлүк практикага көңүлүн буруп, айрым мамлекеттер фейкке каршы күрөшүп, мыйзамдарды кабыл алып жатканын,  бул маселе өнүккөн өлкөлөрдө да көтөрүлгөнүнө  токтолду.

«Бизде да ошондой болушу керек. Ушул мыйзамды жарандык коомдун, медиа тармактын катуу сынынан коркпой алып чыккан депутат Гүлшат Асылбаеванын, Айнура Осмонованын, парламент төрагасы баш болгон депутаттардын эмгегин белгилеп кетер элем. Мына ушул мыйзамды талкуулап жатканда биздин коомдо фейк маселеси бар экенин көрдүк да. Мыйзам керектигин парламентте талкууда, ичинде, сыртында талаш-тартыш болгондо көрдүк. Пандемиянын шартына туш болуп, албетте, кенен талкуу болбой калды. Бул мыйзам канчалык терең талкуудан өттү, ал канчалык бышып жетилген мыйзам болду, бул башка маселе», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мыйзамдын негизги философиясын  — жалган маалыматка каршы күрөшүү зарылдыгын колдойт.

«Мага бир топ кайрылуулар келип түштү. Жогоруда айткандай, мыйзамга кол коюумду өтүнгөн, мыйзамга вето коюмду өтүнгөн эки тарап бар. Мен эки тараптын тең жүйөөлөрү менен тааныштым. Ток этерин айтканда — бул мыйзам керек. Бирок, аны дагы бышырыш керек», — деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент өзүнүн конституциялык укугуна таянып бул мыйзамды кайра иштеп чыгуу үчүн кайра кайтара турганын билдирди.

«Бул мыйзам боюнча медиа тармактын өкүлдөрүнүн, депутаттардын, менин аппаратымдын, тийиштүү министрликтердин өкүлдөрүнүн катышуусунда аны кайрадан иштеп чыгууну сунуштайм. Анткени бул мыйзам бизге керек. Баса белгилеп айтам, бул сөз эркиндигин чектөө эмес. Фейктерге каршы, жалган маалыматка каршы мыйзам керек», — деди  Сооронбай Жээнбеков.

Президент Кыргызстанда ким болбосун, социалдык тармакка чыгып, өз арыз-муңун жеткирүүдө толук укугу жана мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

«Биздин коом ачык. Менин президенттик тажрыйбамда мындай мисалдар абдан көп. Андай кайрылуулар аркылуу айрым жарандарга жардам берилди, айрымдар кызматына кайтып келди, же тескеричисинче бирөөлөрдүн арызынын негизинде кызматынан алынды. Бирок, ал маалыматтарды фейктер эмес, өз жүзүн жашырбай эле биздин жарандар айтып жатты, азыр да айтууда. Мындан эч коркунуч жок», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы жер-жерлерде болуп жаткан көйгөйлүү проблемалар маалымдалып турса   баарынан кабардар болуп, ишти жылдырууга чоң жардам болорун баса белгиледи.

«Мен деле баарын биле бербейм, ошондуктан бул элдин бийликке ишенимин алып келгенге чоң жардам. Мен өз жүзүн жашырбай, көйгөйлөр тууралуу ачык айткандарды колдоймун. Ошону менен бирге биздин жарандарыбыздын укугун тебелеген, ден соолугуна зыян келтирген, адамдык абийирине шек келтирген жалган маалыматтарга каршы мыйзам болуусу зарыл. Бул биздин Кыргызстан сыяктуу адам укугун сыйлаган мамлекетте кадимкидей көрүнүш болуусу керек», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>