Жээнбеков түрк элине кар көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Жээнбеков түрк элине кар көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Режеп Тайып Эрдоганга жана Түркия элине Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

«Ван провинциясында кар көчкүнүн кесепетинен көп сандаган жарандардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана жалпы Түркия элине терең көңүл айтам. Каза болгондордун жакындарынын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп белгиленет көңүл айтуу телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез айыгып кетүүнү каалады.

Белгилей кетсек, Түркиянын Ван провинциясында 4-февралда кар көчкүсү түшүп, 41 адам каза болуп, 84 адам жаракат алды. Ван-Бахчесарай трассасында жүргүнчү ташыган кичи автобус кар алдында калган. Куткаруу тобу окуя болгон жерге барганда дагы кар көчкүсү түшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>