Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйын видеоконференция форматында өтүп жатканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаал маселеси жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтары угулууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>