Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы курөштөн түшкөн каражатка мектептер курулат (сүрөт)

Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы курөштөн түшкөн каражатка мектептер курулат (сүрөт)

Бүгүн, 27-августта президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен аталган мектептерде жаңы корпустарды курууга капсула салуу аземи болуп өттү.

Иш-чараларга жергиликтүү тургундар, мугалимдер, куруучулар катышты.

Сокулук районунун Орок айылында Мамлекет башчысы айылдыктар жана мугалимдер менен баарлашты.

«Ички миграциядан улам Бишкек шаарынын, Чүй жана Ош облустарынын орто мектептеринде окуучулардын саны көп болуп, мектептерге балдар батпай, чоң көйгөй бар экени маалым. Коррупция менен күрөштөн Бирдиктүү депозиттик эсепке түшкөн акча каражатын мектептерди жана аларга кошумча окуу корпустарын курууга жумшайлы деп чечкенбиз», — деди Жээнбеков.

Президент дагы бир жолу коррупцияны түп орду менен жок кылуу мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.

Учурда Сокулук районунун Орок айылында сабактар үч мөөнөттө өтүүдө, кошумча корпустун курулушуна ɵтɵ муктаж. Эки кабаттуу кошумча курулуш корпусу мектептин кубаттуулугун 500 окуучу орунга чейин жогорулатат.

Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясы дагы окуу имаратын кеңейтүүгө абдан муктаж. Жалпы билим берүүчү мекеменин үч кабаттуу корпусу 385 орунга ылайыкталат. Курулуш иштерин 2020-жылы бүтүрүү пландалууда.

Эске салсак, коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында түшкөн каражаттар үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылдын июнь айында ачылган.

Жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында Билим берүү жана илим министрлиги 2019-жылга карата республика боюнча курулуш иштери баштала турчу 15 мектептин тизмесин түздү. Алардын 7си Бишкек шаарында, 7си Чүй облусунда жана бирөө Ош шаарында.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>