Сооронбай Жээнбеков: мамлекеттик кызматтарга билимдүү жаштарды тартуу керек

Сооронбай Жээнбеков: мамлекеттик кызматтарга билимдүү жаштарды тартуу керек

Президенти Сооронбай Жээнбеков  Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчыларынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анда Мамлекеттик кадр кызматынын учурдагы ишмердүүлүгү жана жакын арадагы пландары, буга чейин аныкталган милдеттердин ишке ашырылышы, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жогорку кесипкөй кадрларынын базасын түзүү тууралуу маалыматтар талкууланды.

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев 2020-жылдын 1-августунан тарта мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоонун жаңы сынактык тутуму киргизилери тууралуу маалымат берди.

Ал талапкерлерди тандоо тутумунун принциптери өзгөргөндүгүн — мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жогорку упай алган бир гана талапкер жөнөтүлөрүн билдирди.

Бакытбек Сагынбаев ошондой эле адам фактору болбошу үчүн сынактык тандоо максималдуу санариптештирилгенин кошумчалады. Тандоо процессинин ачык-айкындыгын жогорулатуу жана субъективдүү мүнөздөгү факторлорду азайтуу максатында арыз берүүдөн баштап, бардык этаптар автоматташтырылган.

Анын айтымында кызматтык бош орундарга орто эсеп менен бир орунга 4-5 талапкер, айрым учуларда 20га чейин талапкер болуп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ар кыл тармактарынын өнүгүшүнө кошумча дем берип жаткан жаштарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катарына тартуу саясатын улантуунун маанисин баса белгиледи.

«Мамлекеттин келечеги — жаштар. Бардыгы кадрларга барып такалат. Бул жерде кадр кызматынын орду өтө маанилүү: бош кызмат орундарын канчалык кесипкөй адистер ээлесе, реформалар ошончолук тез жүргүзүлүп, мамлекет ыкчам өнүгөт. Мына ошондуктан биринчи кезекте кадр тандоо процессиндеги көйгөйлөрдү жоюу жана аларга тиешелүү көзөмөл кылуу зарыл», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы жаш кадрлар сынактардын жыйынтыктарынан күмөн санабашы үчүн аларды ачык-айкын, таза өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

«Талапкер тиешелүү билимге, тажрыйбага ээ болсо, анда ал сөзсүз жеңем деп сынакка ишенимдүү түрдө келгидей болушу керек», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>