Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөштү

18-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады.

Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер жана ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо  менен гана жеңип чыгарын белгилешти.

Exit mobile version