Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон иш сапарларын улантууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Мамлекет башчысы 19-20-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат.

Президент Кочкор, Ат-Башы, Нарын райондорунда жана Нарын шаарында коронавирус инфекциясынын пандемиясы шартында санариптештирүү жана аймактардагы ички жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн көрүп чыгат. Ошондой эле айыл чарба, кайра иштетүү, ирригация, медицина, билим берүү жана энергетика объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

 

 

Exit mobile version