Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Назарбаевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 6-июлда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө  Сооронбай Жээнбеков Назарбаевди  80 жылдык мааракеси жана Казакстандын борбор калаасынын күнү менен куттуктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулукту орнотуу жана бекемдөөдөгү жеке салымын дагы бир жолу белгиледи.

Exit mobile version