Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.
Президенттин расмий сайтына жарыяланган куттуктоодо, эки өлкөнүн ортосундагы байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Владимир Путинге ыраазычылык билдиргени жазылган.
4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана УКМКны басып алышкан.
Президент Сооронбай Жээнбеков, 6-октябрда видео кайрылуу жасап, өлкөдөгү соңку окуяларды бийликти күч менен басып алуу катары баалаган.
7-октябрь күнү Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингге президент Сооронбай Жээнбековго импичмент жарыялоо талабы көтөрүлдү.