Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Путиндин аппарат башчынын орун басары менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кремлдин өкүлү менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусуна Садыр Жапаров дагы катышкан.

“Өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалдан жаралган кризистин алгачкы күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече жолу телефон чалган. Орусия тарап кырдаалга карата тынчыздануусун билдирип, абалды жөнгө салуу үчүн жардам берүү сунушун киргизген ”, – деп жазылат президенттик аппарат тараткан билдирүүдө.

Exit mobile version