Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков: Шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөт

«Өлкөдөгү саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруу жоопкерчилиги, биринчи кезекте, партиялардын өзүндө», — деп белгиледи  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-сентябрда, Коомдук телерадиокорпорациянын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы алдыдагы парламенттик шайлоо катуу саясий атаандаштыкта өтөрүн белгиледи.

«Аны баарыбыз көрүп жатабыз. Атаандаштыкка туруштук бере ала турган партиялар бар, бере албай турган партиялар бар. Ушу партиялардын ичинде партиянын идеясын, программасын элге жеткизгенге аракет кылган адамдардын арасында да айырмалар бар. Бул эми бийлик үчүн болгон күрөш да. Бийликке келүү күрөшү», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Буга байланыштуу, Президент коомчулук шайлоо процессине сөзсүз көңүл бурарын, күрөш абдан катуу атаандаштык менен өтөрүн белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле саясий партиялар саясий маданиятты, парламенттик демократияны, партиялык системаны калыптандыруучу эң негизги күч экенин баса белгиледи

Exit mobile version