Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга 3 күндүк иш сапары менен барат

Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга 3 күндүк расмий иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.

Маалыматка ылайык, Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу боюнча 2019-жылдын 9-11-июлунда Швейцария Конфедерациясына расмий иш сапары менен барат.

«Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапарынын жүрүшүндө Швейцариянын президенти Ули Маурер, Швейцариянын Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат», — деди Сыдыков.

Ал экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатканын да белгиледи.

«Сооронбай Жээнбековдун Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусу болот, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат», — деп маалымат берди Данияр Сыдыков.

Exit mobile version