Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер менен жолугушту (фото)

Бүгүн, 10-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурер менен жолугушту. Расмий жолугушуу аземи Визит Берн шаарындагы “Лон Манор” резиденциясында болуп өттү. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди..

Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң мамлекеттер башчылары тар курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты, андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Exit mobile version