Сооронбай Жээнбеков Синдзо Абэни Кыргызстанга келүүгө чакырды

Сооронбай Жээнбеков Синдзо Абэни Кыргызстанга келүүгө чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-октябрда, Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен Токио шаарында жолугушту. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда кыргыз-жапон эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланып, парламенттер ортосундагы мамилелер, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу тууралуу сөзх болгон.

Сооронбай Жээнбеков жапон элин Нарухито императорунун такка отурушу менен куттуктап, Кыргызстан Жапония менен ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Ошону менен президент Сооронбай Жээнбеков Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэни ага ыңгайлуу болгон убакта Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Синдзо Абэ Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга чакыруусун ыраазылык менен кабыл алды.

«Мен сиздердин  өлкөңүзгө барууга кубанычта болом», — деп баса белгилеп,  премьер-министр Синдзо Абэ  президент Сооронбай Жээнбековду дагы Жапонияга визит менен келип кетүүгө чакырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>