Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков сот кызматкерлерин 5-март кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда ал сотторду өз милдеттерине жоопкерчиликтүү мамиле кылып, кесипкөй адис болушуна ишеним арткан.

“Өлкөбүздө жүрүп жаткан соттук-укуктук реформалардын максаты — жарандарыбыздын укуктарын натыйжалуу коргой ала турган, мыйзамдуулукту бекем сактаган, адилет, көз карандысыз соттук корпусту түзүү. Бул реформанын ийгилиги — элибиздин ишенимине арзыган, адамдардын укуктарынын сакталышын кынтыксыз камсыздаган акыркы инстанцияны калыптандыруу жана коомдун талаптарына жооп берген, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү сот системасын орнотуу менен өлчөнөт”, — деп жазылган президенттин куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Сот системасынын кызматкерине чың ден соолук, бакты-таалай, иштерине ийгиликтерди каалаган.

Exit mobile version