Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Умрага зыярат кылды  — видео

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Умра амалын (кичи ажылык) аткарды.

Өлкө башчысынын жана аны коштоп барган делегация мүчөлөрүнүн Мекке шаарындагы мечитте зыярат кылып жүргөн видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Азырынча Президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысынын кичи ажылык сапарда болушу боюнча маалымат тарата элек.

https://www.youtube.com/watch?v=sun9Sm5qlKA

Exit mobile version