Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбеков Венгрияга расмий визит менен барды

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда, Венгрияга расмий визит менен барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортундагы жайкы талаада Ардак кароолдун ротасы тизилип, кызыл килем төшөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарына келгенде Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен бейформал кечки тамакта болушту.

Расмий визиттин алкагында мамлекет башчысы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшат.

Визиттин алкагында Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө меморандумга жана эки тараптуу кызматташуу жөнүндө башка документтерге кол коюлат.

Кыргызстандын делегациясынын катышуусунда Будапешт шаарындагы гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу аземи болот.

Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков президент Янош Адер жана Улуттук Жыйындын төрагасы Ласло Кёвер менен дагы жолугушат.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов.

Exit mobile version