Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы менен өкмөт башчыны кабыл алды

Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы менен өкмөт башчыны кабыл алды

Бүгүн, 25-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал, мамлекеттик органдардын экономикалык терс кесепеттерди азайтуу жана аны жеңип чыгуу жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле постпандемиялык мезгилге биринчи кезектеги пландар боюнча пикир алышуу болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кризиске каршы чаралар планын ишке ашыруу, өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө аракеттери боюнча Өкмөттүн ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Эпидемиологиялык кырдаалга жана илдетти жугузуу боюнча жаңы учурларга күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлүп, оорудан айыгып чыкандардын тенденциясы байкалып жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун ар кандай варианттары каралышы керектигин айтты.

Ошону менен бирге  Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы, өзгөчө инфекция менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы зарылдыгына көңүл бурду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>