Сооронбай Жээнбековду ташыган №1 борт Орусиядан учпай калды

Сооронбай Жээнбековду ташыган №1 борт Орусиядан учпай калды

Кечээ, 20-декабрда президент Сооронбай Жээнбековду ташыган  №1 борт техникалык себептерден улам Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан уча албай калды. Бул маалыматты Транспорт министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттиги тастыктады.

Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков жана аны коштоп барган делегация мүчөлөрү Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия Экономикалык Кеңешинин кезектеги жыйынына катышкан соң, Бишкекке кадимки каттамдагы учак менен учуп келишкен.

Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттары жана Жарандык авиация агенттиги өлкө башчыны ташыган ТУ-154 үлгүсүндөгү учактын  эскилиги жеткенин, аны «Boeing» (Америка) үлгүсүндөгү учакка алмаштыруу керектигин айтышкан.

Кыргызстандын президентинин ТУ-154 үлгүсүндөгү учагы 1993-жылы өндүрүштөн чыккан.

Бул учакты Орусиянын президенти Владимир Путин  2006-жылы ошол кездеги Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиевге белек кылган. 

ТУ-154 үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу учак СССР учурундагы орто жана узак алыстыкка учуучу эң коопсуз учак катары белгилүү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>