Site icon Reporter.kg

Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу экс-мамлекет башчынын социалдык тармактарындагы баракчасында маалымдалды.

Коомдук фонд 2020-жылдын декабрь айынын башында Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өткөн.

Фонддун негизги максаты — коомдун руханий, маданий жана илимий потенциалын жогорулатууга көмөктөшүү, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган чыгармачыл демилгелерди колдоо.

Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Фонддун иши өлкө үчүн социалдык, маданий, кайрымдуулук жана башка пайдалуу нерселерди өткөрүүгө багытталат.

Exit mobile version