Сооронбай Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

Сооронбай Жээнбековдун коронавируска тапшырган анализинин жыйынтыгы чыкты

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке келгенден кийин коронавируска тапшырган анализи таза чыкты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда, Москвадан келери менен Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышкан.

Мамлекет башчысынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин аралыктан жүргүзөт.

Ошону менен бирге Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат.

Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>