Site icon Reporter.kg

Сооронкулова: Бабановду өкмөт башчы болууга өзүбүз сурандык

Өмүрбек Бабановдон өкмөттү жетектеп берүүнү өзүбүз сурандык. Бул тууралуу “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова Бишкекте өтүп жаткан уюшкан кылмыштуу топторго каршы акциянын алкагында билдирди.

“Ал кишиге түндө өзүбүз бардык. Бирок ал “жаштар келсин деп атпадыңар беле” деди. Бирок бизге туруктуулук керек. Уюшкан кылмыштуу күчкө каршы турууга фигура керек. Мындай кырдаалда биздин тажрыйбабыз жок. Бабанов убактылуу премьер-министр болот”, деди Сооронкулова.

Кыргызстанда бүгүн төрт партиядан түзүлгөн «Акыркы үмүт» деп аталган саясий бирикме куралган. Анын алкагында «Республика», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Реформа» саясий партиялары Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка сунуштаганы маалым болгон.

Ал эми Тилек Токтогазиевди вице-премьера-министрликке сунуштап жатышканы белгилүү болду.

Exit mobile version