«Сорос-Кыргызстан» фонду ишин токтотот. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Коомдук уюм «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу ишмердигин улантпайт.
Фонд 1993-жылы Кыргызстанда ачылып, ар кандай долбоорлорду колдоого 115 миллион доллар акча бөлүнгөнүн белгилейт.
Кыргызстандын президентинин администрациясы, «Сорос-Кыргызстандын» жабылышы тууралуу мурда эле белгилүү болгону айтып, фонддун ишмердиги Борбор Азияда жана Чыгыш Европадагы кеңселери жабылганын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз