Site icon Reporter.kg

«Сосновка», «Арал» постторуна киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 25-мартта саат 09:30да Чүйдөгү «Сосновка» жана Токтогул районундагы «Арал» постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.

Чектөө Бишкек — Ош унаа жолунда жааган кардан улам коопсуздук үчүн кечээ, 24-мартта киргизилген.

Exit mobile version