Site icon Reporter.kg

Сот Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 2 айга эркинен ажыратты

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтүүдө. Анда Алмазбек Атамбаев 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу жана сыйлыктарынан ажыратуу өкүмү чыкты.

Буга чейинки соттук отурумда Мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жыл эркинен ажыратуу жана үй мүлкүн конфискациялап, андан сырткары мамлекеттик бардык наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратууну сураган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган. Тергөө менен кызматташкан бешөөнүн иши өзүнчө тергелип жаткан.

Кыргызстанда маңзат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, ошондой эле адам өлүмүнө алып келген башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.

Кримтөбөл Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтенип, сотко ошол жылдын октябрында өткөн.

Exit mobile version