Сот Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн эки айга узартты

Сот Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн эки айга узартты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочунун айтуусунда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды. Ал эми сот Атамбаевдин катышуусуз өттү.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев аталган соттун чечими менен 26-октябрга чейин камакта калтырылган болчу. Ал  8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>