Сот аялынын мойнуна дөңгөлөк байлаган кишиге өкүм чыгарды

Сот аялынын мойнуна дөңгөлөк байлаган кишиге өкүм чыгарды

Сот Сузакта аялынын мойнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып кыйнаган кишини күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Жалал-Абаддагы «Акыйкат» укук коргоо уюмунан маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук соту Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен шек саналган адамды пробациялык көзөмөл менен эки жылга кести.

Соттун чечиминде өкүм чыккан адамга бир катар шарттар коюлат. Аны айыпталуучу так аткарышы керек. Эгерде аткарбаса, эркинен да ажыратылышы мүмкүн.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган окуянын үрөй учурган видеосу интернетке тараган. Видео тасмада эркек киши аял кишинин мойнуна таш салынган дөңгөлөк байлап кыйнап жатканын көрүүгө болот.

Облустук милиция окуя  8-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында болгонун айтып, Сузак райондук соту аялын урган адамды 15 күн камакка алуу чечимин чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>