Сот «Бүтүн Кыргызстандын» ишин  кароону 9-сентябрга жылдырды

Сот «Бүтүн Кыргызстандын» ишин  кароону 9-сентябрга жылдырды

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкек шаарынын административдик сотунда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы берген доо арызы каралды. Бирок ишти кароо 9-сентябрга жылдырылды. Буга партия өкүлдөрүнүн БШКнын айрым мүчөлөрүн сотко чакыруу тууралуу жүйөсү себеп болду. 

Ал эми партия лидери Адахан Мадумаров бул создуктурууну аларды убакыттан утуп, буту колун тушоо аракети деп баалады.
Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы «Бүтүн Кыргызстан» талапкерлердин тизмесин берүүдө эреже бузган деп партияны шайлоодон четтеткен.
Ага нааразы болгон партия өкүлдөрү БШКнын үстүнөн сотко кайрылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>