Site icon Reporter.kg

Сот Бактыбек Калмаматовду үй камагына чыгарды

Бактыбек Калмаматов

Камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматов соттун чечими менен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 20-январда Бишкек шаардык сотунун коллегиясы Калмаматовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарды.

Буга чейин Бишкек шаарынын  Биринчи Май райондук соту 11-январда Бактыбек Калмаматовдун кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча жактоочуларынын арызы каралып, аны бошотуу өтүнүчү канааттандырылган эмес болчу.

Бактыбек Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылган.

Exit mobile version