Site icon Reporter.kg

Сот Болот Темировго өкүм чыгарды

Бүгүн, 28-сентябрда Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист жана “Ютубдагы” Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү Болот Темировдун иши боюнча өкүм чыгарды.

Соттук жыйын саат 15:00до башталды. Анда журналистке акыркы сөз берилди. Соттун чечими менен Болот Темиров «баңгизатты мыйзамсыз даярдоо», «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү»  иштери боюнча акталды.

«Документти жасалмалоо» иши боюнча ал жарым-жартылай күнөөлүү деп табылып, бирок мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген жок.

Эскерте кетсек, быйыл 22-январда милиция атайын багыттагы кызматкерлердин коштоосунда Болот Темировдун кеңсесине барып, аны «баңгизатты мыйзамсыз даярдоого» шектеп кармап кеткен. Ошондой эле «баңгизат» ишине байланыштуу Темиров менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров да кармалган. Бирок коомчулуктун сынынан кийин алар эч жакка кетпөө тилкаты менен кое берилген.

Кийинчерээк Темировго «чек араны мыйзамсыз кесип өтүү» жана «документтерди жасалмалоо» беренелери боюнча иштер ачылган.

Болот Темиров өзүнө козголгон кылмыш иштерин журналисттик ишине байланыштырып, сөз эркиндигине кысым катары баалап келет. Себеби ал жетектеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы бийлик, анын ичинде УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланыштуу иликтөөлөдү жасап келген. Темиров кармалар алдында, 20-январда Temirov LIVE’дын командасы «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдердин схемасы» аталышындагы иликтөөсүн чыгарган.

Temirov LIVE командасы жасаган ар бир иликтөө чоң резонанс жаратып, иликтөөдө аты аталган адамдар коомчулуктун сынына кабылып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version