Site icon Reporter.kg

Сот Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын жумшартты

Космосбек Чолпонбаев

Биринчи Май райондук соту 26-мартта мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Мурда колдонулган үй камагына алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сотко чейинки жана соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин кетпөө жөнүндө тил катка өзгөртүлдү.

Эске салсак, 2020-жылдын 15-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Чолпонбаевди кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кармаган. Чолпонбаев элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген макулдашууну билип туруп түзгөн деп шектелип жатат. Ал — мамлекеттик бюджетке 65 миллион сом зыян келтирген кеп-кеңеш бере турган кызмат көрсөтүү болгон. Мурдагы министр кармалган соң Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. 2020-жылдын 22-октябрь күнү №1 тергөө абагынан жүрөгү кармап, ооруканага түшкөн.

Ноябрь айында анын жүрөгүнө операция жасоо керектиги айтылып, кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Чолпонбаев 2018-жылдын 20-апрелинен 2020-жылдын 1-апрелине чейин Саламаттык сактоо министрлигин жетектеген.

Exit mobile version