Сот Райым Матраимовго өкүм чыгарды

Сот Райым Матраимовго өкүм чыгарды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыкты. Соттун 11-февралдагы отурумунда ага жаза чарасы катары 260 миң сомдук айыппул чегерилди.

Райымбек Матраимов бажыдагы коррупциялык схеманы уюштургандыгы үчүн күнөөсүн мойнуна алды.

Мындан тышкары, сот айыпталуучунун мүлкүн камактан чыгарып, анын кетпөө тууралуу тил катын жокко чыгарды.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин айтып, төгүп берген.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>