Site icon Reporter.kg

Сот Равшан Жээнбековду бошотуу чечимин чыгарды

Биринчи май райондук соту «Кой-Таш окуясы» боюнча айыпталып абакта жаткан саясатчылар  Равшан Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узартпоо чечимин кабыл алды.

Жаңы Жазык-процессуалдык кодекске ылайык, соттук териштирүү учурунда айыпталуучуну бир жылдан ашык тергөө абагында же үй камагында кармаса болбойт. Эми 27-декабрда №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков  бошотулушу керек.

«Кой-Таш» окуясы боюнча үй камагындагы башка айыпталуучулардын дагы бөгөт чарасы узартылган жок. Булар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаевалар. Фарид Ниязов “Кой-Таш окуясы” боюнча бошотулуп,  Октябрь окуясы боюнча айыпталууда.

Жаңы кабыл алынган кодекстер 2-декабрдан тартып күчүнө кирди. Ага президент Садыр Жапаров 28-октябрда кол койгон.

Exit mobile version