Сот Сокулукта 6 жаштагы уулун үбөлүк менен жаакка чапкан атасына чечим чыгарды

Сот Сокулукта 6 жаштагы уулун үбөлүк менен жаакка чапкан атасына чечим чыгарды

Сокулук райондук соту 48 жаштагы Бектурга (аты-жөнү редакторлор тарабынан өзгөртүлгөн) каршы козголгон кылмыш ишин карады. Бул тууралуу аталган райондук соттон кабарланды.

Ал 6 жашар баласын мас абалында үбөлүк (скалкой) менен жаакка урган деп айыпталууда. Окуя ушул жылдын 18-май күнү саат 21:00 чамасында, Сокулук айылындагы үйүндө болгон.

Бектурдун айтымында, ал ошол күнү үйгө келип, аялы жок экенин көрүп, телефон чалып, ал талаага уулу менен кеткенин билген. Кечинде аялы үйүнө келгенде, экөө уруша кетишип, колунда кармап турган убөлүк кокусунан уулунун бетине тийген.

Натыйжада, сот аны күнөөлүү деп таап, 2 жыл 6 ай мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Сот мунапыс колдонуп, баланын атасын жазаны өтөөдөн бошоткон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>