Site icon Reporter.kg

Сот Султанбеков, Карамушкина, Түрксеверге өкүм чыгарды

24-апрелде Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинаны жана тарапташы Роза Түрксеверди күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробация менен эркиндикке чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Сотто Темирлан Султанбеков мындай чечимге макул эместигин билдирген. Ал 23-апрелде өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына сот күбөлөрдүн өзү жок болсо да, алардын көрсөтмөсүн окуй баштаганын билдирген эле. Султанбеков сот көрсөтмөлөрдү окубастан, алардын аныктыгын текшерүү үчүн күбөлөрдүн өзүн сурашы керек экендигин айткан.

Эске сала кетсек, 2024-жылы 14-ноябрда Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер былтыр өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында камакка алынышып, «Социал-демократтар» партиясы шайлоодон четтетилген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козголгон.

Exit mobile version