Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду “Ынтымак” партиясынын курамы менен шайлоого катышууга укук берген чечимин бүгүн, 28-октябрда чыгарды.
Борбордук шайлоо комиссиясы төрага Мамытовду кызматын тапшырып бербегенин жүйө келтирип, шайлоого катышуу укугунан ажыраткан. Андан соң Мамытов Бишкек шаардык административдик сотко кайрылган.
Шайлоо 28-ноябрда өтөт.