Сот Талант Мамытовго шайлоого катышууга укук берди

Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду “Ынтымак” партиясынын курамы менен шайлоого катышууга укук берген чечимин бүгүн,  28-октябрда чыгарды. Борбордук шайлоо комиссиясы төрага Мамытовду кызматын тапшырып бербегенин жүйө келтирип, шайлоого катышуу укугунан ажыраткан.  Андан соң Мамытов Бишкек шаардык  административдик сотко кайрылган. Шайлоо 28-ноябрда өтөт.