Site icon Reporter.kg

Сот Ташовдун жактоочусун дагы эки айга камакта калтырды

Жактоочу Самат Матцаковдун бөгөт чарасы узартылып, дагы эки айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Матцаков УКМКнын тергөөчүсүн өтүнүчү менен 28-февралга чейин камакка алынган.

Анын бөгөт чарасы боюнча чечим 30-декабрга караган түнү чыккандыктан, укук коргоочулар камакка алуунун мөөнөтү аяктагандыктан Макцаков 30-декабрда камактан чыгышы керек болгонун, ага карабай сот анын бөгөт чарасын кароону улантып, камакта калтырганын айтып чыгышкан. Ошондой эле алар судья отурумга 2 саат 16 мүнөт кечигип келгенин билдиришкен.

Аталган факт боюнча Биринчи май райондук сот өзүнүн түшүндүрмөсүндө, бөгөт чараны кароо 29-декабрда 12:20да башталып, 30-декабрда саат 00:30да аяктаганын билдирди.

«Соттук отурум өтүп жаткан маалда жактоочулар келтирген өтүнүч боюнча аларга түшкү тамактанууга саат 13:30дан 14:30га чейин жана кечки тамакка саат 19:30дан 20:30га чейин убакыт берилди, ошондой эле иштин материалдары менен таанышууга эки жолу убакыт берилди.

Ошол эле учурда 12:20дан саат 19:30га чейин жактоочулар тарабынан сотту ишти кароодон четтетүү тууралуу 5 өтүнүч келтирилип, аларды кароо үчүн сот кеңешме бөлмөсүнө чыгып жатты. Ага бир топ убакыт кетти», — деп айтылат маалыматта.

Жактоочулар менен айыпталуучунун отурумда сүйлөгөн сөздөрү 20:30дан 00:30га чейин созулган. Андан кийин соттук отурум аяктап, сот кеңешме бөлмөсүнө кеткен.

Бөгөт чара тууралуу токтом 30-декабрда саат 01:30да угузулган.

Жогорудагыларды айткан Биринчи май райондук сот процесстин катышуучуларын коомчулукту адаштырбоого жана Кылмыш-процессуалдык кодекстин талаптарын так сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, Самат Матцаков — камакта отурган ишкер Имамидин Ташовдун, абакка кесилген акын Аскат Жетиген жана журналист Актилек Капаровдун жактоочусу.

УКМК Матцаковду 29-ноябрда «алдамчылыкка» жана «документ жасалмалоого» шектеп кармаган. Ал 30-декабрга чейин камакка алынган.

 

Exit mobile version