Сот Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарды

Сот Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечим чыгарды

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Репортерго» Жогорку соттун маалымат кызматы тастыктады.

Буга чейин активист, акын Темирлан Ормуков Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алган деген доомат менен сотко кайрылган.

Бүгүн активист сот анын пайдасына чечим чыгарганын «Фейсбук» баракчасына жазды.
Жогорку Соттун басма сөз кызматы Бишкек шаарынын административдик соту Темирлан Ормуковдун пайдасына чечим чыгарганын тастыктап, эртең кенен маалымат берилерин билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>