Site icon Reporter.kg

Сот Тилекмат Күрөңовду мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тартты

Чүй облустук сот активист Тилекмат Күрөңовду (Кудайберген уулу) шарттуу түрдө мөөнтүнөн мурда бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришти.

Ал жактан сот 25-июлда Күрөңовдун адвокатынын активстти шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча өтүнүчү каралганын айтышты. Чечимге ылайык, Аламүдүн райондук сотунун активистти абакта калтыруу чечими күчүндө калтырылган.

Чүй облустук сотунан баш тартууга Күрөңов абак жайында эреже бузганы, тагыраагы, тинтүү учурунда андан телефон табылганы бирден бир себеп болгонун кабарлашты.

Тилекмат Күрөңов №27 жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөөнү улантат.

Күрөңов 2021-жылы 15-мартта кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, активистти кармоого «социалдык тармактарда жарыялаган билдирүүлөрү» себеп болгон.  Активист постторунда «бийликти күч менен басып алууга жана массалык баш аламандыктарга ачык чакырык жасаган».

Exit mobile version