Сот кримтөбөл “Алтуханын” баш коргоо чарасын өзгөрттү

Сот кримтөбөл “Алтуханын” баш коргоо чарасын өзгөрттү

Кримчөйрөдө «Алтуха» каймана ат менен таанымал Алтынбек Ибраимовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Райондук соттун чечими менен Алтынбек Ибраимов үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сот иши аяктаганга чейин сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн.

Белгилей кетсек, 13-январында Алтынбек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында кармалган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>