Site icon Reporter.kg

Сот жазуучу Олжобай Шакирди 5 жылга абакка кести

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту жазуучу, публицист Олжобай Шакирди 5 жылга абакка кести. Соттун өкүмү бүгүн, 14-майда чыкты.

Белгилүү болгондой, Олжобай Шакир «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталып жаткан. Ал былтыр 23-августта УКМК тарабынан кармалып, ошондон бери атайын кызматтын тергөө абагында камакта отурат.

Жазуучу күнөөнү мойнуна алган жок.

Exit mobile version