Site icon Reporter.kg

Сот Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, 3 жылдык пробация менен бошотту

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевди күнөөлүү деп таап, 3 жылдык пробация менен бошотту. Ошондой эле Карабаевге 50 миң сом айып пул салган. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова өзүнүн «Фейсбук» баракчасында маалымдады.

24.kg агенттигинин маалыматында, Карабаев соттогу акыркы сөзүндө ага коюлган күнөөнү мойнуна албай тургандыгын билдирген.

«Мен эч качан массалык башаламандыкка жана бийликти басып алууга чакырган эмесмин. Балким, мен кимдир бирөөнүн намысына тийгендирмин. Эгер ошондой болсо, кечирим суроого даярмын. Бирок соттон мени актоону өтүнөм», — деген ал.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 2-июлда УКМК Жоомарт Карабаевди суракка чакырып, андан кийин кармаган. Атайын кызмат ага «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалганга чейин Карабаев социалдык тармактар аркылуу УКМК жана Илимдер академиясынын ишин сынга алып жүргөн. Ал Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча жазарын айтып келген. Аны менен бирге экспертизаны тиешелүү сертификаты жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Exit mobile version