Сот Текебаев менен Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтүн 2 айга узартты

Сот Текебаев менен Чотоновдун үй камагындагы мөөнөтүн 2 айга узартты

Бүгүн, 23-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана ӨКМнын мурдагы башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук териштирүү болду.

Отурумда судья Айнура Сатарова соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктаганына байланыштуу аны узартуу керек экендигин билдирип, ошону менен Текебаев дагы, Чотонов да 2020-жылдын 29-февралына чейин үй камагында калмай болду.

Сот айыпталуучуларга бул аралыкта өлкө аймагынан чыгууга, жашаган даректери боюнча кат алып, кат жөнөтүүгө тыюу салды.

Соттук иш боюнча кийинки отурум 9-январга белгиленди.

29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошотуп, үй камагына чыгарган.

Белгилей кетсек, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден  «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы 8 жылга эркинен ажыратылышкан. Ал эми Маевский Орусияда алдамчылыкка шектелип, камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>