Site icon Reporter.kg

Соттолбогонуңуз тууралуу маалым кат керекпи? Аны эми 3 саатта аласыз

Жарандар соттолбогондугу тууралуу маалымкатты кыска убакыт ала алышат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ал үчүн Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу же электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан билдирме калтыруу жетиштүү.

Ага төмөнкүлөр керек:

  1. Маалымкат алуу үчүн маалымкат берген жерди тандаңыз;
  2. Телефон номерин көрсөтүңүз;
  3. Аты-жөнүн өзгөртүү жөнүндө жооп тандоо;
  4. Шашылыш кызмат берүү түрүн тандаңыз;
  5. “Билдирме калтыруу” баскычын басуу.

Даяр жардамды эки жол менен алууга болот:

Кызматтын баасы 1090 сом түзөт.

Exit mobile version