Site icon Reporter.kg

Соттолгон адам ашказанына баңгизат жашырып кирүүгө аракет кылды

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемелеринде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коркунучтуу дары-дармек жеткирүү аракетинин алдын алынды. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаза өтөө жайларынын бирине соттолгон Х.Ф аттуу жаран ашказанына баңгизат жашырып алып өтүүгө аракет кылган.

Анын ашказанынан медициналык шприцтердин баллондорунан жасалган 3 идиш табылган. Анын ичинде жалпы салмагы 30 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү таңгакталган зат (болжол менен гашиш) табылып алынган.

Аталган факт каттоого алынып, тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version