Site icon Reporter.kg

Соттолгон Дамирбек Асылбек уулу кайрадан шайлоого барат

Аткезчилик боюнча соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин БШКга тапшырды. Ал бир мандаттуу округдан Ак-Суу районунда шайлоого катышууга ниеттенүүдө.

Бир нече жыл мурун Дамирбек Асылбек уулу жана башка эки кыргыз жараны 2018-жылдын февралында Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматыда уюшкан кылмыштуу топторду жоюу боюнча атайын операциянын жүрүшүндө кыргыз-казак чек арасында кармалган. Ал алгач кошуна өлкөдө, андан кийин Кыргызстанда 10 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу 2020-жылдын 21-августунда түрмөдөн чыккан.

 

Exit mobile version