Site icon Reporter.kg

Соттолгондор жогорку кызматтарга талапкер боло албайт. Мыйзам ЖКда кабыл алынды

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында соттуулугу бар жарандардын жогорку кызмат орундарына талапкер болууга тыюу салуу боюнча конституциялык мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Ага ылайык, соттолгон (анын ичинде соттуулугу жоюлган же алынган, же реабилитацияланбаган негизде иши токтотулган) жарандар төмөнкү кызматтарга талапкер боло алышпайт:

Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген мыйзам долбоор жарандардын мамлекеттик бийликке болгон ишенимин жогорулатууга жана коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган.

Exit mobile version