Президент Садыр Жапаров «Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өзгөртүүлөргө ылайык, соттолуп, жалпы тартиптеги абакта отурган жалгыз бой эне же ата болгон жарандарга балдары менен жолугуп келүүсү үчүн түрмөдөн чыгуусуна шарт түзүлүүдө. Жолугууга чыгуу үчүн баласынын же аны караган мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу керек болот. Соттолгон адам баласынын жанында жылына бир жума жүрө алат. Ошол эле учурда 7 күндөн тышкары жолго өзүнчө убакыт берилет. Жылына бир жолу жолугууга барууга болот. Ал эми жаран жеңил шарттарда жазасын өтөп жаткан болсо, жылына эки жолу жолугууга барып келүүсүнө уруксат берилиши мүмкүн.
Буга чейин Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков билдиргендей, учурда абактарда аталган категорияга кирген 60 киши бар. Бул сунуш өмүр бою абакка кесилгендерге, уюшкан кылмыштуу топтун катарында кылмыш жасагандарга, абакта отурганда кылмыш кылгандарга, террорчулук мүнөздөгү, экстремисттик багыттагы, оор жана өзгөчө оор кылмыш жана башка кээ бир кылмыш жасагандарга тиешелүү эмес.
Жаза аткаруу кодексинин буга чейинки редакциясында жатак абактарда, жалпы режимдеги түрмөлөрдө, тарбиялык абактарда отурган, чарба жумуштар үчүн тергөө абактарында, түрмөдө калтырылган адамдарга аялы же күйөөсү, жакын тууганы катуу ооруп калганда, каза тапканда, ага же үй-бүлөсүнө чоң материалдык чыгым алып келген жаратылыш кырсыгы болгондо үйүнө бир жумага барып келүүгө уруксат берилет. Бул норма ошол боюнча калды.
Ошондой эле соттолгонду жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу максатында бир абактан экинчисине которуу мүмкүнчүлүгү, өзгөчө режимдеги мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн акы төлөнүүчү жумушчу орундарды жана эмгек шарттарын түзүү каралган.